Риши Сунактын антисемитизмге каршы билдирүүлөрү айрым депутттарды ыза кылды

Риши Сунак өзүнүн X эсебиндеги бөлүшүүсүндө, Англияда антисемитизмдин күчөгөнүн белгилеген Британия парламентинин алдында 21-февралда Газада ок атышпоо чакырыгы талкууланган Палестинаны колдоо демонстрациясына көңүл бурду.

2107265
Риши Сунактын антисемитизмге каршы билдирүүлөрү айрым депутттарды ыза кылды

Британиянын премьер-министри Риши Сунактын антисемитизмге каршы билдирүү жасап жатып Лондон мэри Садык Ханга багытталган мусулмандарга каршы (исламофобия) риторикасына унчукпай койгону реакция менен кабыл алынды.

Риши Сунак өзүнүн X эсебиндеги бөлүшүүсүндө, Англияда антисемитизмдин күчөгөнүн белгилеген Британия парламентинин алдында 21-февралда Газада ок атышпоо чакырыгы талкууланган Палестинаны колдоо демонстрациясына көңүл бурду.

Англиянын символдорунун бири болгон Биг Бен (Элизабет мунарасы) саат мунарасында «Дарыядан деңизге чейин Палестина эркин болот» деген сөздүн чагылдырылганын эске салган Сунак: «Экстремисттер тарабынан колдонулган террорду шыктандыруу үчүн мыйзамдуу нааразылыктар узурпацияланды, элдин шайланган өкүлдөрүн оозеки жана физикалык жактан коркутуп, парламентибиздин имаратына антисемиттик сөздөр чагылдырылды», - деп айтты.

Израилдин Газа тилкесине кол салуулары башталган 7-октябрдан кийин өлкөсүндө антисемитизм окуяларында жарылуу болгонун белгилеген Сунак : «Жөнөкөй сөз менен айтканда, антисемитизм расизм. Расизмди башынан өткөргөн адам катары расизмди көргөндө эле аны тааныганымды айтышым керек»,-деди.

Негизги оппозициядагы Консервативист партиянын депутаты Ли Андерсондун партияга мүчөлүгүнүн токтотулушуна алып келген мусулмандарга каршы билдирүүлөрү тууралуу Сунактын билдирүү жасабаганы оппозициянын сынынын бутасына айланды.

Негизги оппозициядагы Жумушчу партиянын лидери Кейр Стармер The Observer гезитине жазган макаласында Сунак Консервативдик партияны экстремисттер үчүн «коопсуз башпаанек» кылып койгонун белгиледи.

Стармер Андерсондун Лондондун мэри Хан тууралуу айткан «Менимче, исламчылар Лондонду көзөмөлгө алышты. (Хан) биздин борборду досторуна берди» деген билдирүүлөрү «исламофобиялык» деп саналса, мурдагы ички иштер министри Суэлла Бравермандын, «Англияны исламчылар, экстремисттер жана антисемиттер башкарат» деген билдирүүлөрү «исламофобиялык» деп эсептелбегенин сынга алды.

Риши Сунак партиясында мусулмандарга каршы риторика жасагандарга эмне үчүн чара көрбөгөнү тууралуу суроого Стармер : «Сунактын алсыздыгы консерватор депутаттардын толугу менен кол тийбестик кыймылына себеп болууда»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар