Израиль Газа тилкесине 70 миң тонна бомба таштады

Өкмөттүн Газадагы медиа кеңсеси Израилдин Газада кылган мыйзам бузуулары тууралуу маалымат берди.

2107379
Израиль Газа тилкесине 70 миң тонна бомба таштады

Израилдин согуш башталган 7-октябрдан бери Газа тилкесиндеги жарандар жашаган үйлөргө 70 миң тонна бомба таштаганы белгиленди.

Өкмөттүн Газадагы медиа кеңсеси Израилдин Газада кылган мыйзам бузуулары тууралуу маалымат берди.

Буга ылайык Израиль Газада 19 түрдүү согуш кылмыштарын жана адамзатка каршы кылмыштарды кылды. Алардын эң башкысы жеке адамдарга каршы кылынган кылмыштар болду.

Израиль атайылап 30 миңдей адамды, көбү аялдар менен балдарды өлтүрдү. 2600 адам кармалган же камакка алынган. Бул адамдарга ырайымсыз, аесуз жана адамгерчиликсиз мамиле жасалган. 2 миллион палестиналык үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.

Израиль аскерлери Аз-Зейтун, Шейх Рыдван жана Эн-Наср райондорунда, Эль-Магази качкындар лагеринде жана Газанын батыш аймагында жүздөгөн кишини тирүү калкан катары колдонду.

Израиль жарандык буталарга, өзгөчө ооруканаларга, мектептерге, мечиттерге, чиркөөлөргө жана түрдүү жарандык уюмдарга жүз миңдеген жолу кол салды.

Элдин ар-намысын тебелеген израилдик аскерлер аялдарды жана балдарды миңдеген жолу чечиндирүүгө мажбурлашып, аларды чек ара аймактарына кемсинтүү менен алып барышкан.

Газанын бүтүндөй блокадасын күчөткөн Израиль, өзгөчө түндүктө ачарчылыкты согуш ыкмасы катары колдонду.

Палестиналыктар үйлөрүн таштап кеткенде же камакка алынганда үйлөрүнөн же палестиналык мекемелерден болжол менен 300 миллион шекел акча, алтын, зер буюмдары жана баалуу буюмдары уурдалган.

Кол салуулар учурунда Израиль 500дөн ашуун мечитти жана чиркөөнү, 300дөн ашуун университетти жана мектепти, 360 миңден ашуун турак жайды талкалап, Газа боюнча 35 оорукананын 31инен көбүн колдонуудан чыгарды.

Израиль 7-октябрдан бери карапайым калк жашаган аймактарга 70 миң тонна бомба таштап, чоң аймактарды талкалады. Ташталган бомбалардын арасында тыюу салынган фосфордук бомбалар жана кассеталык бомбалар да болгон.

Израиль кол салууларында Газа тилкесиндеги миңдеген жылдык тарыхы бар 200дөн ашык археологиялык жана тарыхый жайларды жок кылды.



Тектеш кабарлар