Кытай аскердик чалгындоо максатында космоско жашыруун байланыш сыноо спутнигин жиберди

Учурууну ишке ашырган Кытайдын аэрокосмостук илим жана технология корпорациясы (CASC) спутниктин атын «TJSW-11» деп жарыялады.

2106865
Кытай аскердик чалгындоо максатында космоско жашыруун байланыш сыноо спутнигин жиберди

Кытайдын Синьхуа агенттигинин кабарына караганда, спутник Хайнань аралындагы Винчаң космостук аппаратын учуруу борборунан «Лонг Марш-5 Y7» ракетасы менен кечээ кечинде учурулду.

Геостационардык орбитада пландаштырылган жерге жайгашкан спутниктин "көп тилкелүү жана жогорку ылдамдыктагы байланыш технологиясы эксперименттеринде колдонула турганы" билдирилди.

Учурууну ишке ашырган Кытайдын аэрокосмостук илим жана технология корпорациясы (CASC) спутниктин атын «TJSW-11» деп жарыялады.

Кытай тилиндеги «байланыш», «технология» жана «сыноо» деген маанилерди билдирген «тунгсин», «жишу» жана «шиянь» сөздөрүнүн баш тамгаларынан алынган «TJS» спутниктеринин аскердик чалгындоо максатындагы спутник программасы экени айтылууда.

Спутниктердин функциясы жашыруун болуу менен бирге эрте эскертүүчү, сигналдык чалгындоо жана башка аскердик максаттар үчүн сыналгандыгы жана  колдонулгандыгы  болжолдонууда.



Тектеш кабарлар