Гутерреш : "Украинадагы согуш Европанын жүрөгүндөгү жара"

Гутерреш БУУнун Коопсуздук Кеңешинде өткөн Украина сессиясында сөз сүйлөдү.

2106857
Гутерреш : "Украинадагы согуш Европанын жүрөгүндөгү жара"

Бириккен Улуттар Уюмунун  баш катчысы Антонио Гутерреш Украинадагы согуштун Европанын жүрөгүндө канаган жара экендигин айтты.

Гутерреш БУУнун Коопсуздук Кеңешинде өткөн Украина сессиясында сөз сүйлөдү.

БУУнун Уставы жана эл аралык мыйзамдын дүйнөнү согуштан коргоо үчүн жол картасын сунуштагандыгын айткан Гутерреш : «Бирок Россиянын Украинаны басып алуусу экөөн тең бузду»,- деди. Гутерреш адилеттүү бир тынчтыктын түзүлүшү керектигин белгиледи.

Гутерреш согуштарда баарынын жана  Украина калкынын чоң кыйынчылык тарткандыгын баса белгиледи.

10 миңден ашуун жарандын өлтүрүлгөндүгүн, ооруканалардын, мектептердин, саламаттыкты сактоо мекемелери жана жарандык инфраструктуралардын талкаланганын белгилеген Гутерреш, орус армиясынын жарандарга жана туткундарга карата кыйноо жана сексуалдык зомбулуктун көрсөтүлгөндүгү документтештирилгенин белгилеп : «Бардык жооптуулар жоопко тартылышы керек»,- деди.  

Гутерреш 4 миллионго жакын украиналыктын жер которууга аргасыз болгонун, алардын 1 миллиону балдар экенин, өлкөдө 14 миллиондон ашуун кишинин гуманитардык жардамга муктаж экенин белгиледи.

Россиянын Крымды мыйзамсыз аннексиялашынан бери  10 жылдын өткөндүгүн эске салган Гутерреш : «Украинадагы согуш Европанын жүрөгүндө канаган жара болууну улантып жатат»,- деди.

Гутерреш согуштун орус калкына да зыян алып келгендигин, миңдеген орус жаштарынын фронтто каза болгонун, кагылышуунун жайылуу коркунучунун да жогору экендигин белгиледи.

Гутерреш  согуштун жалпы дүйнөдө геосаясий бөлүнүүчүлүктөрдү күчөткөндүгүн жана  башка маселелерге көңүл бурууга тоскоол болгондугун айтты.



Тектеш кабарлар