Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат

Израилдин 140 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2106616
Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат

Израилдин, калкты ачка жана суусуз калтырган Газа тилкесине кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны акыркы 24 саатта 104кө көбөйүп 29 миң 514кө жетти.

Газадагы Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин 140 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израилдин акыркы 24 саатта 104 палестиналыкты өлтүргөнү, каза болгондордун санынын 29 миң 514кө жеткени кабарланды.

Акыркы кол салууларда 160 палестиналыктын жараланышы менен жаракат алгандардын санынын 69 миң 616га жеткени маалымдалды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле сөөктөрдүн бар экени, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн сөөктөргө жете албаганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар