Лавров G20да Батышка каршылык көрсөттү

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Сергей Лавров Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Чоң жыйырмалыктын тышкы иштер министрлеринин жыйынында сөз сүйлөдү.

2106118
Лавров G20да Батышка каршылык көрсөттү

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Батыштын эл аралык укуктун ордуна өз эрежелерин таңуулоого аракет кылып жатканын айтты.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Сергей Лавров Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Чоң жыйырмалыктын тышкы иштер министрлеринин жыйынында сөз сүйлөдү.

Эл аралык байланыштын негиздеринин Батыштын провокациясынан улам бузулуп жаткандыгын баса белгилеген Ловров: «Ааламдык укуктук нормалар, анын ичинде мамлекеттердин суверендүү тең укуктуулугу, ички иштерине кийлигишпөө жана элдердин өз тагдырын өзү чечүүгө укугу, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) уставынын принциптери бузулууда»,- деди.

Батыштын өлкөлөргө эл аралык укуктун ордуна өз эрежелерин таңуулоого аракет кылып жатканын айткан Сергей Лавров: «Бул саясаттын негизи колониализм, саясий, экономикалык жана гуманитардык тармактарда үстөмдүк кылууга умтулууда»,-деди.

Лавров НАТОнун Орусиянын чек араларына карай илгерилебей турганын убада кылганын, бирок дагы эле кеңейүү саясатын жүргүзүп жатканын билдирип: «Энергетика жана азык-түлүк жеткирүү чынжырлары үзгүлтүккө учурады. Бул ачарчылыкты, жакырчылыкты жана теңсиздикти күчөтөт. Мындан тышкары, Газадагы трагедиянын масштабы атайылап кыскартылууда. Бул жерде каза болгон карапайым калктын саны, Украинанын борбору Киевдеги төңкөрүштөн кийин 10 жыл ичинде Донбасста эки тараптан тең каза болгондордун санынан көп»,-деди.

Глобалдык коопсуздукка болгон коркунучтарга жана топтолгон көйгөйлөргө чечимдин Чоң жыйырмалыкта табыла турганына ишенбегенин айткан орус министри, экономика жана соода тармагындагы кызматташтыктын «ачык» жана «тең» болушу керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар