Лавровдун Веенсуэла сапары

Лавров Николас Мадуро тарабынан борбор шаар Каракаста Мирафлорес президенттик сарайында кабыл алынды.

2105625
Лавровдун Веенсуэла сапары

Латын Америка сапарынын алкагында Кубадан кийин Венесуэлага барган Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров президент Николас Мадуро менен жолугушту.

Лавров Николас Мадуро тарабынан борбор шаар Каракаста Мирафлорес президенттик сарайында кабыл алынды.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушкандыгын билдирип, Венесуэла менен Россиянын ортосундагы достук жана кызматташтыктын чыңдалып жатканын белгиледи.

Билдирүүдө : «Каракас жана Москва маанилүү тармактарда достукка жана тилектештикке таянган бекем мамиледе.  Эки өлкө тең Бириккен Улуттар Уюмунун маанилүүлүгүн сактап калуу үчүн адилеттүү жана көп полярдуу дүйнөлүк тартипти жакташууда»,- деп билдирилди.

Президент Мадуро X социалдык медиадагы билдирүүсүндө : «Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен түшүмдүү жана  мыкты жыйын өткөрдүк. Россия  -  Венесуэланын бардык стратегиялык тармактарда ар тараптуу кызматташтыгын бекемдөө үчүн көптөгөн маселелерди талкууладык»,- деп баа берди.

Лавровду Венесуэлада коноктоодон кубанычта экенин билдирген Мадуро :"Илим, техника, экономика жана энергетика тармагында мыкты сүйлөшүү өткөрдүк. Россия менен Венесуэла калкынын  жыргалчылыгы үчүн күрөшүп жаткан бир туугандарбыз", - деди.

Министр Ларов  Венесуэла сапарынын негизинде вице  - президент  Делси Делси Родригес жана кесиптеши Иван Гил менен да жолугушту.

Лавров  латын Америка сапарынын акыркы жолугушуулары үчүн Бразилияга барат.



Тектеш кабарлар