Өлтүрүлгөн палестиналыктардын саны 24 саатта 103кө көбөйүп 29 миң 195ке жогорулады
Газадагы палестина саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израилдин 137 күндөн бери уланып келе жаткан кол салууларына байланыштуу маалымат берилди.
Израилдин элди ач жана суусуз калтырган Газа тилкесине карата кол салууларында өлтүрүлгөн палестиналыктардын саны акыркы 24 саатта 103кө көбөйүп 29 миң 195ке жогорулады.
Газадагы палестина саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израилдин 137 күндөн бери уланып келе жаткан кол салууларына байланыштуу маалымат берилди.
Израиль күчтөрүнүн акыркы 24 саатта Газа тилкесинде 103 палестиналыкты өлтүргөндүгү билдирилген маалыматта кол салууларда каза болгондордун саны 29 миң 195ке жогорулагандыгы маалымдалды.
Акыркы кол салууларда Израиль күчтөрүнүн 142 палестиналыкты дагы жаралагандыгы, Газа тилкесинде жалпы жаралуу санынын 69 миң 170ке жеткендиги билдирилген маалыматта азыр да уранды астында жана жол жээктеринде сөөктөрдүн бар экендиги бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоол болушу менен медициналык топтор менен жарандык коргонуу кызматкерлеринин жаназаларга жете албагандыгы баса белгиленди.