Mercedes-Benz дүйнө жүзү боюнча болжол менен 250 миң унаасын кайра чакыртып алат

Германиянын DPA кабар агенттигинин кабарына караганда, Мерседес-Бенц өрт коркунучунан жабыркаган унаалардын айрым бөлүктөрүн алдын алуу максатында бекер алмаштырат.

2104964
Mercedes-Benz дүйнө жүзү боюнча болжол менен 250 миң унаасын кайра чакыртып алат

Немис унаа өндүрүүчүсү Mercedes-Benz дүйнө жүзү боюнча болжол менен 250 миң унаасын өрт коркунучунан улам кайра чакыртып алат.

Германиянын Федералдык Автоунаа башкармалыгы билдиргендей, Мерседес-Бенц дүйнө жүзү боюнча болжол менен 250 000 унааны, анын ичинде Германияда 37 000 автоунааны потенциалдуу өрт коркунучуна каршы алдын алуу чарасы катары чакыртып алат.

Мерседестин 2023-жылкы өндүрүшүндөгү AMG GT, C-Class, CLE, E-Class, EQE, EQS, GLC, S-Class жана SL моделдери кайра чакыртылып алынат.

Германиянын DPA кабар агенттигинин кабарына караганда, Мерседес-Бенц өрт коркунучунан жабыркаган унаалардын айрым бөлүктөрүн алдын алуу максатында бекер алмаштырат.

Пландаштырылган алмаштыруу жабдууларга жараша 2 сааттан 5,5 саатка чейин созулат.



Тектеш кабарлар