Колумбия Украинага курал жибербейт

Колумбиянын президенти Густаво Петро эки жылдан бери Россия менен согушуп жаткан Украинага курал жибербей тургандыгын белгиледи.

2104856
Колумбия Украинага курал жибербейт

Колумбиянын президенти Густаво Петро эки жылдан бери Россия менен согушуп жаткан Украинага курал жибербей тургандыгын белгиледи.

Германиянын Мюнихен шаарында пресс  - жыйын өткөргөн Густаво Петро Украинанын куралга эмес тынчтыкка муктаж экендигин жана Колумбия катары орто жолдун табылышы үчүн бардык жардамды берүүгө даяр экендерин айтты.

Петро Росия менен Украинанын ортосунда  2022 -  жылдын  24 -  февралынан бери келе жаткан согуштун акырына чыгышы керектигин баса белгилеп : «Колумбия тынчтыкка колдоо үчүн Украинага курал жибербейт бирок тараптардын ортосунда диалогдун түзүлүшү үчүн жардам берүүгө даяр»,- деди.

Украинага курал жиберилишинин согушту көкүтүүдөн башка ишке жарабагандыгын айткан Петро эл аралык коомчулуктун көпчүлүгүнүн бул кагылышууга каршы экендигин айтты.

Густаво Петро БУУнун кайра курулушу керектигин белгилеп : «Көпчүлүк тынчтыкты каалап жатат бирок вето укугу барлар буга тоскоол болууда. Буга демократия деп айтууга болбойт. Эгерде чындыгында глобалдык демократияны курууну каалаган болсок көпчүлүккө ээ болгон добуштар ветодон дагы баалуу болушу керек»,- деп баа берди.

 



Тектеш кабарлар