Польшанын премьер - министри коркутулгандыгын билдирди

Роберт Фицо өткөн күнү министрлер кеңешинин жыйынынан кийин имараттын алдында күтүп турган жарандар менен учурашып жатканда кол салууга дуушар болгон.

2140752
Польшанын премьер  - министри коркутулгандыгын билдирди

Польшанын премьер-министри Дональд Туск  өлүм менен коркутуулардын болуп жаткандыгын  билдирди.
Дональд Туск Х эсебинен өзүнө жиберилген жана Словакиянын премьер  - министри Роберт Фицо учураган куралдуу кол салууга токтолуп : "Бүгүн словактар бизге  Дональд Туск менен эмне кылуу керектигинин мисалын көрсөтүштү",- деген  комментарийди скриншот менен бөлүшүп : "Булардын саны өтө көп",- деди. 

«Виртуальна полска» гезити Польшанын Мамлекеттик коргоо кызматынан  атын атагысы келбеген бир жооптуу кызматкерине таянып берген кабарында Словакиянын премьер-министри Фицону өлтүрүү аракетинен кийин  чара катары Тусктун жан сакчыларынын санынын  көбөйтө тургандыгы  белгиленди.

Роберт Фицо өткөн күнү министрлер кеңешинин жыйынынан кийин имараттын алдында күтүп турган жарандар менен учурашып жатканда кол салууга дуушар болгон.

Өлкөнүн басма сөзүндө 71 жаштагы солчул Словакия жараны Юраж Снын өкмөттүн саясатын жактырбагандыктан кол салууну уюштурганы айтылган.

Роберт Фицого операция жасалып,  бирок абалынын азыр да оор экендиги жарыяланды.

 

 

 



Тектеш кабарлар