Пакистанда шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы...

Улуттук басма сөздөгү кабарларга караганда, PTI өз тарапкерлерин борбор Исламабадда, Равалпиндиде, Лахордо, Карачиде, Пешаварда жана башка көптөгөн шаарларда шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирүүгө чакырды.

2103784
Пакистанда шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы...

Пакистанда камакта жаткан мурдагы премьер-министр Имран Хандын партиясы Пакистан адилеттик кыймылы (PTI) 8-февралдагы шайлоолор бурмаланган деген жүйө менен өлкө боюнча нааразылык акцияларын уюштурууда.

Улуттук басма сөздөгү кабарларга караганда, PTI өз тарапкерлерин борбор Исламабадда, Равалпиндиде, Лахордо, Карачиде, Пешаварда жана башка көптөгөн шаарларда шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирүүгө чакырды.

PTIнин жүздөгөн жактоочулары Исламабаддын F-9 аймагындагы «Фатма Жиннах» паркында чогулуп, унаа конвою түзүшүп, F-6 аймагындагы Пресс-клубдун алдына өтүштү.

Пресс-клубдун алдына чогулган демонстранттар шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип, «PTIнин добуштары уурдалганын» айтышты жана Шайлоо комиссиясына каршы ураандарды чакырып жатышты.

Лахордогу демонстрациялар учурунда 8-февралдагы шайлоодо PTIден депутаттыкка кандидаттыкка ат салышкан Селман Акрам Ража кармалды.

PTI шайлоодо биринчи партия катары чыкканы менен, көптөгөн округдарда добуштар уурдалып, атаандаш партиялардын талапкерлерине өтүп кеткенин айтууда.

Айрым саясий партиялар да добуштары уурдалганын жүйө келтирүүдө.

Расмий жыйынтыктарга караганда, 8-февралда болгон шайлоодо PTI колдогон көз карандысыз депутаттар Улуттук ассамблеядагы 92 орунга ээ болушту.

Бирок PTI 177 мандатка ээ болгонун айтып, шайлоо комиссиясын шайлоонун жыйынтыгын бурмалаган деп айыптоодо.

Пакистандын шайлоо комиссиясы 8-февралда болгон улуттук ассамблеяга жана провинциялык ассамблеяга шайлоонун жыйынтыктарын 11-февралда жарыялаган.

Расмий жыйынтыктарга ылайык, PTI колдогон көз карандысыз депутаттар шайлоону биринчи, ал эми Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шариф жетектеген Пакистан Мусулман Лигасы (PML-N) экинчи орунду ээледи.



Тектеш кабарлар