Израилдин Газа тилкесиндеги кол салуулары

Урандылардын астында дагы эле миңдеген набыт болгондор бар экени билдирилсе, адамдар баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.

2103829
Израилдин Газа тилкесиндеги кол салуулары

Израилдин Газа тилкесине  кол салууларынан каза болгон палестиналыктардын саны акыркы 24 саатта 127ге көбөйүп, 28 миң 985ке жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы басма сөз катчысы Ашраф аль-Кудра билдирүүсүндө Израиль күчтөрүнүн Газа тилкесинде акыркы 24 саатта дагы 127 палестиналыкты өлтүргөнүн белгилеп, кол салууларда каза болгондордун санынын 28 миң 985ке жеткенин белгиледи. 

Кудра Израиль күчтөрүнүн акыркы кол салууларында дагы 205 палестиналыкты жарадар кылганын, Газа тилкесинде жаралангандардын санынын 68 миң 883кө жеткенин билдирди.

Израиль күчтөрү элди ачка жана суусуз калууга мажбурлап гуманитардык апаат кылган аймакка кол салууларын 135-күндөн бери улантууда.

Израиль армиясынын басып алган жана блокададагы Газа тилкесине түнү бою кол салууларынан ондогон палестиналык каза болду жана жаракат алды.

Палестинанын расмий агенттиги WAFAнын кабарына караганда Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Нусейрат качкындар лагери менен Дейр ал-Балах жана Эз-Завайида аймактарын бутага алуудан кеминде 40 палестиналык каза болуп, ондогон киши жараланды.

Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында көп сандаган үйлөрдүн бутага алынышы натыйжасында 20 киши каза болуп, көп сандаган киши жаракат алды.

Израилдик учактар ​​Рефах шаарында 9 үйдү бомбалады. Анда 13 киши өлүп, ондогон киши жараланды.

Израилдин Газа шаарынын борборундагы ар кайсы жерлердеги үйлөргө кол салууларынан кеминде 10 палестиналык каза болуп, көп сандаган киши жараланды.

Ошол эле учурда Газанын түндүгүндө тамак жасоо үчүн отун чогултууга чыккан 4 палестиналык бала Израилдин түздөн-түз бутасына алынып, денелери катуу күйүккө учураган.



Тектеш кабарлар