Блинкен: «Израилде Палестина менен тынчтык орнотуу үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүк бар»

Германияда өткөрүлгөн 60-Мюнхен коопсуздук конференциясында (MSC 2024) катышкан сессияда сөз сүйлөгөн Америка Кошмо Штаттары (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилдин Газага кол салууларына токтолду.

2103795
Блинкен: «Израилде Палестина менен тынчтык орнотуу үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүк бар»

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилде Палестина менен тынчтык орнотуу үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

Германияда өткөрүлгөн 60-Мюнхен коопсуздук конференциясында (MSC 2024) катышкан сессияда сөз сүйлөгөн Блинкен Израилдин Газага кол салууларына токтолду.

Блинкен : «Биз Израилди 7-октябрда болгон окуянын кайталанбашы үчүн жолдорун табуусун түшүнөбүз жана колдойбуз»,-деп айтып, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну колдой турганын дагы бир жолу билдирди.

Муктаж болгондордун жардамга жетүүсү үчүн акыркы 4 айдан бери күн сайын иштегенин белгилеген Блинкен, уланып жаткан гуманитардык кризисти басаңдатууга «демилгелеринин чоң салым кошконун» баса белгиледи.

Блинкен Палестина мамлекетинин түзүлүшүнө эч качан болуп көрбөгөндөй муктаждык бар экенин жана Израилдин Палестина менен тынчтык орнотуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи.

Араб өлкөлөрүнүн палестиналыктардын кызыкчылыгын дагы да эффективдүү өкүлдүк кылуу жана Израилге жакшы өнөктөш болуу үчүн олуттуу аракеттерди жасаганын белгилеген Блинкен, бул аракеттердин баары чогулганда, «аймактагы адамдар жалпы жыргалчылык үчүн бирге иштешкен, ал эми Иран жана ал колдогон прокси топтор обочолонгон аймак болот»,-деди.

Блинкен бирок бул абалдын оор жана татаал экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар