Украина түрк согуштук учагын сатып алууну пландоодо

Украинанын элчиси Боднар түрк согуштук учагынын АКШ тарабынан иштелип чыккан F-35 жана F-22 менен атаандаша турганын, Украинанын болсо Каан учактарын сатып алып активдүү колдонууну пландап жатканын билдирди.

2103306
Украина түрк согуштук учагын сатып алууну пландоодо

Украинанын Анкарадагы элчиси Васил Боднар, "Каан" 5-муундагы түрк согуштук учактарынын моторунун өнүктүрүлүшүнө өлкөсүнүн салым кошконун жана келечекте бул учактарды сатып алууну пландап жатканын айтты.

Боднар бир түрк телеканалына берген маалыматында: «Украиналык адистер, Каан түрк улуттук согуштук учагынын кыймылдаткычын өнүктүрүү долбоорунун үстүндө иштеп жатышат. Бул жаңы нерсе эмес. <...> Бизде кыймылдаткычтарды иштеп чыгуу жаатында бир нече тажрыйбалуу компаниялар бар»,- деди.

Украинанын элчиси Боднар түрк согуштук учагынын АКШ тарабынан иштелип чыккан F-35 жана F-22 менен атаандаша турганын, Украинанын болсо "Каан" учактарын сатып алып активдүү колдонууну пландап жатканын билдирди.

Түркияда 2017-жылы башталган Улуттук согуштук учактар ​​программасынын алкагында "Каан" учагынын иштелип чыгып, 2028-жылы сериялык өндүрүшкө чыгышы көздөлүүдө.

Түрк бийлиги, "Каан" учагынын кээ бир өзгөчөлүктөрү боюнча F-35тен дагы да өнүккөнүн жана келечекте Түрк аба күчтөрүндө Американын F-16 учактарынын ордун ээлерин айтууда.



Тектеш кабарлар