Пакистанда Имран Хандын талапкери Эйүп Хан
Пакистандын 25 - премьер - министрин шайлай турган Улуттук Парламенттин жыйынынын 22 - 29 - февраль күндөрү өткөрүлөрү күтүлүүдө.
Пакистанда камакка алынган мурдагы премьер-министрлерден Имран Хандын жаңы өкмөт үчүн премьер - министрликке талапкери партиясы Пакистан адилет кыймылынын (ПАК) башкы катчысы Өмар Эйүп Хан болду.
Өмер Эйүп Хан Пакистанды 1958 - жылдын октябрь айынан 1969 - жылдын март айына чейин катуу режим менен башкарган генерал Эйүп Хандын небереси. Түрдүү өкмөттөрдө министр болуп кызмат кылган Өмер Эйүп Хан 2013 - жылы мурдагы премьер - министрлерден Наваз Шарифтин партиясы Пакистан мусулман лигасы - Наваздан депутат болуп шайланган.
Пакистан мусулман лигасы - Наваздын лидерлигиндеги коалиция болсо Наваз Шарифтин бир тууганы Шахбаз Шарифти премьер - министрликке талапкер көрсөтүшөрүн жарыялаган.
Пакистандын 25 - премьер - министрин шайлай турган Улуттук Парламенттин жыйынынын 22 - 29 - февраль күндөрү өткөрүлөрү күтүлүүдө.
Пакистан Шайлоо Комиссиясы 8 - февралда өткөрүлгөн Улуттук Парламент жана провинциялык парламенттердин шайлоо жыйынтыктарын 11 - февралда билдирген. Улуттук Парламенттин шайлоосун Имран Хандын партиясы Пакистан адилет кыймылы колдогон көз карандысыз депутаттар биричи, Наваз Шарифтин лидерлигиндеги Пакистан мусулман лигасы - Наваздын экинчи орунду алган.