Бангладеш 330 мьянмалыкты артка кайтарууда

Бангладеш чек ара коопсуздук жетекчилери  кагылышуулардан качып, өлкөгө баш калкалаган мьянмалыктардын абалына байланыштуу   билдирүү жасады.

2103472
Бангладеш 330 мьянмалыкты артка кайтарууда
banglades myanmarlilari gonderdi.jpg
banglades myanmarlilari gonderdi.jpg

Бангладеш Мьянмадагы аскердик өкмөтү менен хунтага каршы куралдуу топтордун ортосундагы кагылышуулардан качып, өлкөгө баш калкалаган 330 Мьянма жаранын артка кайтарууда.

Бангладеш чек ара коопсуздук жетекчилери  кагылышуулардан качып, өлкөгө баш калкалаган мьянмалыктардын абалына байланыштуу   билдирүү жасады.

Жетекчилер Бангладешке баш калкалагандардан  165 кишинин Инани пристанынан жолго чыккан кеме менен кечээ өлкөлөрүнө кайтарылгандыгын, калган  165 кишинин экинчи турдагы каттам менен алып барыларын билдирди. 

Бангладештин Качкындарга жардам берүү жана мекенине кайтаруу боюнча комиссары Мухаммед Мизанур Рахман мекенине кайтаруу процессинин тынч өткөнүн айтты. Рахман Мьянма жарандарынын мекенине кайтаруу процессинин тынч өткөнүн айтты.

Мьянмада аскердик башкаруу менен хунтага каршы куралдуу топтордун ортосундагы кагылышуулардан улам  4 -  февралдан бери көпчүлүгү полиция жана аскер болгон  300дөн ашуун киши чек арадан өтүп Бангладешке баш калкалаган. 

 



Тектеш кабарлар