Ryanair Тель-Авивге каттамдарын токтотту
Компаниянын билдирүүсүндө, 27-февралдан тарта Тель-Авивге пландалган каттамдардын токтотулушуна чечим чыгарылганы белгиленди.
Ирландиядагы Ryanair авиакомпаниясы Израилдин борбор шаары Тель-Авивге каттамдарынын токтотулганын жарыялады.
Компаниянын билдирүүсүндө, 27-февралдан тарта Тель-Авивге пландалган каттамдардын токтотулушуна чечим чыгарылганы белгиленди.
Билдирүүдө мындай чечимге себеп катары Бен Гурион аэропортунун 1-терминалынын арзан баада билеттерди саткан авиакомпаниялардын колдонуусуна жабылгандыгы көрсөтүлдү.
Ryanairдин билдирүүсүндө: «Ryanair тилекке каршы Бен Гурион аэропортундагы 1-терминал арзан баада билеттерди саткан авиакомпаниялардын колдонуусуна жабылгандыктан 27-февраль шейшемби күнүнөн тарта Тель-Авивге учуу-конуу каттамдарын токтотконун ырастайт» деген сөздөр камтылды.
Билдирүүдө учурда аталган аэропортто кымбат баадагы 3-терминалдын гана колдонулуп жатканы кабарланды.