Израиль Ливандын түштүгүнө кол салды
Кол салууда бир үй - бүлөдөн 8 киши каза болду.
2102606
Израиль армиясынын Ливандын түштүгүндөгү Небатийе шаарында 3 кабаттуу имаратка учкучсуз учуучу аппатар менен жасаган кол салууда бир эле үй - бүлөдөн 8 киши каза болду.
Ливандын расмий маалымат агенттиги NNAда чыккан кабарда Израилге таандык учкучсуз учуучу аппараттардын Небатийе шаарына караштуу Мержаюн аймагында 3 кабаттуу бир имаратты башкарылуучу ракета менен бутага алганы белгиленди.
Имараттын урандысынан 8 кишинин сөөгүнү чыгарылгандыгы белгиленди.
Израиль армиясынын Ливанга 8 - октябрдан бери кол салууларында каза болгон жарандардын саны 24ге жетти.
Ушул күнгө чейинки кагылышууларда 196 Хизбуллах мүчөсү, 8 Амал кыймылынын мүчөсү, 12 Хамас кыймылынын мүчөсү, 12 Иламдык Жихад мүчөсү, ливандык 2 коопсуздук кызматкери, Израилдик 6 жаран жана 11 аскер өлтүрүлдү.