Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаменти Ливанда ак  фосфордун колдонулгандыгын иликтөөдө

Wall Street Journal гезитинин америкалык жетекчилерге таянган бидирүүсүнө караганда иликтөө АКШнын Израилге берген курал - жарактардын жарандарды өлтүрүү үчүн туура эмес колдонулганын аныктоого багытталган.

2102506
Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаменти Ливанда ак  фосфордун колдонулгандыгын иликтөөдө

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаменти Израилдин Газа тилкесиндеги ондогон жарандын өлүмүнө себеп болгон абадан кол салуулар менен Ливанда ак  фосфор колдонгону тууралуу билдирүүлөрдү иликтеп жатат.

Wall Street Journal гезитинин америкалык жетекчилерге таянган бидирүүсүнө караганда иликтөө АКШнын Израилге берген курал - жарактардын жарандарды өлтүрүү үчүн туура эмес колдонулганын аныктоого багытталган.

Жетекчилердин 31 -  октябрда Жибалийе качкындар лагерине жасалган жана  125тен ашуун кишинин өлүмүнө себеп болгон абадан кол салууларды териштирип жаткандыгы белгиленип, тергөөчүлөрдүн Израилдин кол салууда АКШ тарабынан берилиши мүмкүн болгон  907 килограммдык бомбанын колдонулушунан шектенгендиги маалымдалды.

Мамлекеттик департаменттин катчысы Мэтью Миллер да отчет тууралуу берилген бир суроого министрликтин адам укуктарынын бузулушу жана жарандар зыян тарткан окуялар тууралуу отчеттордун CHIRG (Жарандык жапа чеккендерге жооп кайтаруу колдонмосу) процесси аркылуу изилденгендигин ырастады. Миллер изилдене турган окуялар тууралуу маалымат берген жок. 

 



Тектеш кабарлар