Путиндин жасалма маалымат тараткандарга каршы кадамы

Орусиянын президенти Владимир Путин орус армиясы тууралуу жалган маалымат тараткандардын бул кыймылдан алынган мүлкүн конфискациялоо боюнча жарлыкка кол койду.

2102286
Путиндин жасалма маалымат тараткандарга каршы кадамы

Орус армиясы тууралуу жалган маалымат тараткандардын мүлкү конфискацияланат.

Орусиянын президенти Владимир Путин, орус армиясы тууралуу жалган маалымат тараткандардын бул кыймылдан алынган мүлкүн конфискациялоо боюнча мыйзамга кол койду.

Орусиянын мамлекеттик укук маалымат системасында жарыяланган Путин кол койгон мыйзамга караганда, орус армиясы тууралуу жалган маалымат тараткандардын мүлкү конфискацияланат.

Мындан тышкары, мыйзамга ылайык орус армиясынын кадыр-баркына шек келтирген, экстремизмге чакырган, Орусиянын аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч келтирген, Орусияга жана орус жарандарына каршы санкцияларды колдонууга чакыргандарга берилген ар кандай мамлекеттик наамдар жана сыйлыктар алынып салынат.

Аталган мыйзам расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Орус армиясы тууралуу жалган маалымат тараткандарга жаңы жазаларды камтыган мыйзам, орус парламентинин төмөнкү палатасы - Мамлекеттик Думада өткөн айда кабыл алынган.

Бул мыйзамды парламенттин жогорку палатасы- Федерация кеңеши 7-февралда бекиткен.



Тектеш кабарлар