БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин эскертүүсү

Антониу Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешинде өткөрүлгөн «Климаттын өзгөрүшүнүн азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасири» аттуу жогорку деңгээлдеги сессияда сөз сүйлөдү.

2101865
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин эскертүүсү

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш: «Дүйнөдөгү 700 миң ачка адамдын бешөөнөн төртөө ушул кичинекей жерде (Газада) жашайт»,- деди.

Антониу Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешинде өткөрүлгөн «Климаттын өзгөрүшүнүн азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасири» аттуу жогорку деңгээлдеги сессияда сөз сүйлөдү.

Дүйнөнүн кагылышуулар ​​жана ачарчылыктын ортосундагы кыйратуучу байланыштын мисалдарына толгонуна көңүл бурган Гутерриш: «Газада эч кимдин жетиштүү тамак-ашы жок. Дүйнөдөгү 700 миң ачка адамдын бештен төртөө ушул кичинекей жерде жашайт»,-деп айтты.

Гутерриш Панама каналындагы кургакчылык менен Кызыл деңиздеги кагылышуулардын да жеткирүү чынжырларына чоң зыян алып келгенин жана азык-түлүк инфляциясын жогорулатканын белгиледи.

Конкреттүү кадамдар ташталбаса абалдын оорлошорун билдирген баш катчы: «Чыр-чатактар ​​көбөйүүдө, климаттык кризис күч алып, жыл сайын курч азык-түлүк коопсуздугу артууда»,-деди.

Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алдында журналисттерге берген билдирүүсүндө болсо, Израилдин Газанын Рафах шаарына кол салышынын оор кесепеттерге алып келерин эскертти. БУУнун Башкы катчысы: «Рафахка толук кол салуу боло электе туткундардын бошотулушу жана жаңжалдын токтотулушу үчүн сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү болушун чын жүрөктөн каалайм. Гуманитардык жардам системасы да бар Рафах шаарына мындай кол салуу коркунучтуу кесепеттерге алып келет»,-деп эскертти.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп иретинде Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын кабарлаган.

Чыңалуунун күчөшүндө көбү балдар 29 миңге жакын палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар