Борбордук Африка Республикасында 10 миң бала аскер бар

Өлкөдө 2013-жылдан бери уланып келе жаткан зомбулуктан миңдеген адамдар каза тапты.

2101954
Борбордук Африка Республикасында 10 миң бала аскер бар

2013-жылдан бери жарандык согуш жана кагылышуулар уланып жаткан Борбордук Африка Республикасында болжол менен 10 миң бала аскер бар.

Борбордук Африка Республикасынын үй-бүлө министри Марте Кирима жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 10 жылдан ашуун убакыттан бери уланып жаткан ички кагылышуудан кийин миңдеген балдардын дагы деле куралдуу топтор тарабынан аскер, тыңчы, кызматчы же секс кулу катары колдонулуп жатканын айтты.

Бул балдардын санынын 10 миңге жакын экенин белгилеген Кирима, козголоңчулардын колунан кутулган 15 миң баланын болсо кадимки жашоосуна кайтууда кыйынчылыкка дуушар болгонун билдирди.

20дан ашуун куралдуу топ бар Борбордук Африка Республикасында армиянын кийлигишүүсүнө карабастан кагылышуулар уланып жатат.

Козголоңчу топтор 2020-жылдын декабрь айында борбор калаа Банги шаарын басып алуу операциясын баштаган, бирок ийгиликке жеткен эмес.

Өлкөдө 2013-жылдан бери уланып келе жаткан зомбулуктан миңдеген адамдар каза тапты.

Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) көрсөткүчтөрүнө караганда, 2005-2022-жылдары 105 миңден ашуун бала куралдуу топтор тарабынан аскер катары колдонулган.



Тектеш кабарлар