Мароккодо нөшөрлөгөн жамгыр: 4 адам каза болду

Бул тууралуу Фес муниципалитетинин кызматкери билдирүү жасады.

2100628
Мароккодо нөшөрлөгөн жамгыр: 4 адам каза болду

Марокконун түндүгүндөгү Фес шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен имараттын урашынын натыйжасында алгачкы маалыматтарга караганда 4 киши каза болду.

Бул тууралуу Фес муниципалитетинин кызматкери билдирүү жасап:«Өткөн күнү кечинде Фес шаарынын эски (Медина) аймагындагы 3 кабаттуу имараттын толугу менен урашынын натыйжасында 4 адам каза болду»,-деп айтты.

Урандылардын астында калгандардын дагы бар экенин белгилеген аткаминер, куткаруу иштеринин уланып жатканын билдирди.

Аткаминер жума күнү эртең менен шаарда жамгырдын күчөп, имараттын урап түшкөнүн белгиледи.



Тектеш кабарлар