Израилдин аскерлери Амал ооруканасын курчоого алып, тез жардам унааларынын ачкычтарын уурдашты

Бул тууралуу Палестина Кызылайынан жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

2100723
Израилдин аскерлери Амал ооруканасын курчоого алып, тез жардам унааларынын ачкычтарын уурдашты

Израиль аскерлеринин Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарындагы Амал ооруканасына кычкылтек кирүүгө бир жумадай бөгөт коюунун натыйжасында үч бейтап каза болду.

Бул тууралуу Палестина Кызылайынан жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

Билдирүүдө Израиль күчтөрүнүн 21 күндөн бери курчоодо болгон Амал ооруканасында медициналык буюмдарга зыян келтиргени, саламаттыкты сактоо кызматкерлерине кол салганы, андан соң 9 кишини камоого алганы, ооруканага баш калкалаган 7 миң жарандын 40ынын дагы эле ооруканада экени жана өлүм менен күрөшүп жатканы белгиленди.

Билдирүүдө израилдик аскерлердин ооруканага тынымсыз ок атканы жана адамдардын кыймылына тоскоол болгону белгиленип, Израиль күчтөрүнүн ооруканага дары-дармек менен кирди деген сөздөрү четке кагылды.

Билдирүүдө аскерлердин ооруканага кычкылтек кирүүсүн бир жума бою тоскондуктан 3 бейтаптын каза болгондугу белгиленди.

Палестинанын Кызыл Жарым Ай уюму кечээ Израиль аскерлеринин Амаль ооруканасында тез жардам унааларынын жана оорукана жетекчилигине тиешелүү бардык унаалардын ачкычтарын «уурдап кеткенин» жарыялады.

Билдирүүдө Израиль аскерлеринин тез жардам унааларынын кызмат көрсөтүүсүнө тоскоол болуу үчүн муну жасаганына көңүл бурулуп, мурунку күнү 8и медициналык кызматкер болгон 17 кишини кармаганы белгиленди.



Тектеш кабарлар