Россия Украинага учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салды

Кол салууда 7 киши каза болду.

2100375
Россия Украинага учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салды

Россиянын Украинанын Харьков аймагына учкучсуз учуучу аппарат менен жасаган кол салуусунда  7 киши каза болду. 

Харьков облусунун Аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов  социалдык медиадан берген билдирүүсүндө  орус армиясынын түн ичинде Харьков облусуна “Шахед” үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттар ​​менен кол салгандыгын белгиледи. 

Синегубов кол салууда 7 кишинин каза болгондугун алардын ичинде  3 баланын да бар экендигин айтты.

Россиянын учкучсуз учуучу аппараттар менен үйлөрдү аткандыгы жана  15тен ашуун үйдүн  жабыркагандыгы маалымдалды.

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө Россиянын 26 «Шахед» үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттары менен Украина аймагына кол салганы ортого салынды.Билдирүүдө 18 учкучсуз учуучу аппараттардын жардырылгандыгы да белгиленди. 

 

 



Тектеш кабарлар