Европада дыйкандар аракетке өттү

Италияда дыйкандар өткөн жумадан бери жалпы өлкөдө нааразычылык акцияларын улантууда.

2100484
Европада дыйкандар аракетке өттү
macaristan ciftci protestosu.jpg
polonya ciftci protesto.jpg
italya ciftci protesto.jpg

Италияда дыйкандар өткөн жумадан бери жалпы өлкөдө нааразычылык акцияларын улантууда.

Дыйкандар Европа Биримдигинин  айыл чарба саясаттары башта болгон айыл чарба секторуна карата колдоо көрсөтүүлөрдүн кыскартылышына каршылык көрсөтүү үчүн борбор шаар Римде тракторлору менен конвой түзүштү.

Премьер  - министр Жоржия Мелони жана айыл чарба министри Франческо Лоллобригида премьер-министрликте дыйкандар да араларында болгон айыл чарба тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Италия басма сөзүндө чыккан кабарларда өкмөттүн дыйкандардан алынган айыл чарба киреше салыгында белгилүү бир суммага чейин салыктан бошотуу менен катар дыйкандарды айрым  жеңилдиктер менен камсыз кылууну убада кылгандыгы белгиленди.

Венгрия менен Польшада да дыйкандар Украинадан арзан айыл чарба жана мал чарба азыктарынын импорттолушуна нааразычылык билдирүү максатында  Украина чек арасын жол кыймылына жаап, нааразычылык акциясын өткөрүштү.

Испанияда нааразычылык акциясынын төртүнчү күнүндө дыйкандар акцияны  борбор шаар Мадридге алып барууга  чакырышты.

Акыркы мезгилде ишке ашырылган айыл чарба саясаты Европа Биримдигинин көптөгөн өлкөлөрүндө, өзгөчө Германия, Франция, Испания, Нидерландия, Бельгия, Польша, Италия жана Венгриядагы дыйкандарды канааттандырбайт.

Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө дыйкандар тарткан кыйынчылыктарга көңүл буруу үчүн тракторлор менен нааразычылык акциясына чыгышты.

Европа Биимдигиндеги дыйкандар Биримдиктин айыл  чарба саясаттарын, жаратылышты калыбына келтирүү максаттарын, колдоолрду кыскартуу, Россия  - Украина согушунан келип чыккан энергиянын, күйүүчү майдын жана жер семирткичтердин кымбаттыгын, Украинадан арзан дан азыктарын жана сууну үнөмдөө чараларын катуу сынга алышууда.

Дыйкандар Европа Биримдигине "жашыл келишимдин алкагында көмүртектүү жер семирткичтерди жана пестициддерди колдонуу боюнча катуу эрежелерди киргизүү менен айыл чарба өндүрүшүн кыйындатып жатат" деп сындашууда.



Тектеш кабарлар