Россия менен Украинанын ортосунда туткундар алмашылды

Россия менен Украинанын ортосунда жаңыланган туткун алмашуунун алкагында 100дөн аскер бошотулду.

2100101
Россия менен Украинанын ортосунда туткундар алмашылды

Россия менен Украинанын ортосунда жаңыланган туткун алмашуунун алкагында 100дөн аскер бошотулду.

Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык тармактарда туткундарды алмаштырууга байланыштуу : «100 аскерибиз үйүнө кайтты. Бул күнгө чейин  3 миң  135 украиналык орус туткундугунан куткарылды»,- деп билдирди.

Россиянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта Украина менен туткун алмашуу болгондугу белгиленди. Сүйлөшүү процессинин натыйжасында Киев башкаруучулугунун көзөмөлүндөгү жерлерден 100 орус аскеринин кайтарылып алынгандыгы билдирилип :  «Украина куралдуу күчтөрүнүн 100 аскери тапшырылды. Орус аскерлери министрликке караштуу саламаттыкты сактоо борборлорунда дарылануу үчүн учактар менен борбор шаар Москвага алып барылат. Бошотулган аскерлерге медициналык жана психологиялык колдоо көрсөтүлөт. Бириккен Араб Эмирликтери орус аскерлерин бошотуу процессинде гуманитардык ортомчулук ролун аткарды»,- деп айтылды.

Эки  жылдан бери согушуп жаткан эки өлкөнүн ортосундагы акыркы туткун алмашуу 31 - январда болуп, 195 аскер алмашылган.



Тектеш кабарлар