Гутерреш Рафахка кол салууга даярданып жаткан Израилди эскертти

Биринчи кезекте жалпы дүйнөдөгү тынчтыкка басым жасалышы керектигин белгилеген Гутерреш Газадагы абалдын айыкпаган жара экенин жана бүт аймакты коркунучка салгандыгын айтты.

2099565
Гутерреш Рафахка кол салууга даярданып жаткан Израилди эскертти

 БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Газа тилкесинин Рафах  шаарына кол салууга даярданып жаткан Израилди эскертти.

Антонио Гутерреш БУУнун Жалпы кеңешинде  2024 -  жылга байланыштуу алдыңкылыктары тууралуу сөз сүйлөдү.

Биринчи кезекте жалпы дүйнөдөгү тынчтыкка басым жасалышы керектигин белгилеген Гутерреш Газадагы абалдын айыкпаган жара экенин жана бүт аймакты коркунучка салгандыгын айтты.

Гутерреш : «Хамастын  7 -  октябрь кол салууларын эч нерсе актай албайт. Бирок Палестина калкынын жазаландырылышынын да эч бир негизи болбойт»,- деди.

Израилдин аскердик операцияларынын Газада себеп болгон өлүм жана кыйроонун көлөмү, ылдамдыгы ал кызматка келгенден бери байкалбагандыгын айткан баш катчы : «Израилдин Рафахты көздөй жылат деген кабарлар мени тынчсыздандырууда. Жүз миңдеген палестиналык бул жерде коопсуздук издеп, айласыздан бул жерде. (Мындай кадам) Учурдагы гуманитардык коркунучту олуттуу түрдө күчөтөт жана  аймактык кесепеттерге алып келет",- деп баа берди.

Гутерреш : «Газада тез арада гуманитардык ок ​​атышпоо түзүлүп, бардык туткундар шартсыз бошотулушу керек»,-деди. Бул БУУнун чечимдери, эл аралык мыйзам жана буга чейинки макулдашууларга ылайык тез арада эки мамлекеттүү чечим менен жыйынтыкталышы керектигин белгиледи.

БУУнун Жакынкы Чыгыш Тынчтык процессинин атайын координатору Тор Веннесланд да Израилдин Рафахка кол салууга даярдыгы тууралуу : «Израилдиктер абал тууралуу мыкты билгендерине карабастан  1,2 миллион киши болгон Рафахка активдүү согуш пландап жатышат.  Гуманитардык жардамдар кире турган эки жердин бири да бул жер. Израилдин Рафахка кол салышы толук апаатка алып келет",- деп эскертти.

Веннесланд баарын жоготкон Газа калкына айта турган сөздүн табылышы кыйын экендигин белгилеп : «Коопсуз бир жерде туруп тозоктун ортосундагы адамдарга үмүт берүү оңой эмес. Турган жерибизден ок атышпоо болбостон чыга албайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар