Нигерия Түркиядан сатып алган согуштук тик учактарды колдоно баштады

Эки даана Т129 АТАК согуштук тик учактарынын ишке киргизилиши үчүн азем өткөрүлдү.

2098758
Нигерия Түркиядан сатып алган согуштук тик учактарды колдоно баштады

Нигерия Түркиядан сатып алган эки согуштук тик учагын колдоно баштады.

Коопсуздук көйгөйлөрү менен күрөшүп жаткан Нигерияда Түркиядан сатып алынган эки даана Т129 АТАК согуштук тик учактарынын ишке киргизилиши үчүн азем өткөрүлдү.

Бенуэ облусунун борбору Макурдидеги Нигериянын Аба күчтөрүнүн (NAF) базасында өткөрүлгөн аземге вице-президент Кашим Шеттима, коргоо министри Бадару Абубакар, Түркиянын Абуджадагы элчиси Хидайет Байрактар, Нигериянын Кургактык күчтөрү командири Таоред Лагбажа жана көп сандаган конок катышты.

Шеттима аземде сүйлөгөн сөзүндө, президент Бола Ахмед Тинубунун жаңы сатылып алынган тик учактардын жайгаштырылышынын өлкөнүн ичинде жана Батыш Африка аймагындагы коопсуздук көйгөйлөрүнүн чечилишине чоң салым кошо турганына ишенгенин билдирди.

Нигерия акыркы убакта өлкөнүн ар кайсы аймактарында Боко Харам жана ISWAP сыяктуу террордук уюмдардын, ошондой эле куралдуу бандалардын кол салууларына туш болууда.

Түркиядан сатылып алынган согуштук тик учактардын ​​Нигериядагы коопсуздук маселелери менен күрөшүүгө көмөкчү болору күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар