Колумбияда тик учак кулап түштү
Аймакка көптөгөн издөө-куткаруу топтору жөнөтүлдү.
2098590
Колумбияда тик учактын кулашынан 5 аскер каза болуп, 3 аскер жаракат алды.
Колумбиянын маалымат каражаттары кабарлагандай, аба күчтөрүнө таандык тик учак Чокого караштуу Унгуя аймагынын элет жерине кулап түштү.
Окуяда 5 аскер каза болуп, 3 аскер жаракат алды. Аймакка көптөгөн издөө-куткаруу топтору жөнөтүлдү.
Армиянын билдирүүсүндө, каза болгон аскерлердин жакындарына көңүл айтылып, иликтөө иштеринин башталганы жарыяланды.