Францияда сел эскертүүсү

Па дьо Каледе жамгырдын күн бою улана турганы жана ылдамдыгы саатына 90 километрге жеткен шамалдын таасирдүү болору билдирилди.

2098990
Францияда сел эскертүүсү

Франциянын түндүк аймактарынан Па дьо Кале үчүн жамгыр жана сел эскертүүсү жарыяланды.

Метеорология кызматы Метео Франс тарабынан жасалган билдирүүгө караганда, жагымсыз аба ырайы Хаутс-де-Франс аймагына таасирин тийгизүүдө.

Бул аймакка караштуу Норд, Сомме жана Арденнде нөшөрлөгөн жамгыр коркунучунан улам эскертүү деңгээли сарыга көтөрүлсө, Па дьо Кале үчүн да сел эскертүүсү жарыяланып, эскертүү деңгээли кызгылт сары деп белгиленди.

Па дьо Каледе жамгырдын күн бою улана турганы жана ылдамдыгы саатына 90 километрге жеткен шамалдын таасирдүү болору билдирилди.

Па дьо Каледе январь айында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, тургундар үйлөрүнөн эвакуацияланган.



Тектеш кабарлар