Зеленский Башкы штаб башчысын кызматтан алат

Италиянын Rai жаңылыктар каналына берген маегинде Зеленский Залужныйды кызматтан алаарын ырастады.

2097919
Зеленский Башкы штаб башчысын кызматтан алат

Украинанын президенти Владимир Зеленский Башкы штабдын башчысы Валерий Залужныйды кызматтан алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат деген маалыматты тастыктады.

Италиянын Rai жаңылыктар каналына берген маегинде Зеленский Залужныйды кызматтан алаарын ырастап: “Менин оюмдагы нерсе бир эле адам эмес, өлкөнү башкаруунун багытын өзгөртүүгө багытталган олуттуу маселе”,-деди.

Зеленский өлкөсүнүн Орусия-Украина согушундагы позициясын бекемдөө үчүн аскердик жана жарандык башкарууда кеңири масштабдуу ревизия зарыл экенин белгилеп: “Жаңылоо, жаңы баштоо керек”,-деп өз баасын берди.

Жеңиш үчүн бүт өлкөнүн бирдей багытта жүрүшү керектигин белгилеген Зеленский: “Мен бул тууралуу айтып жатып, бир катар мамлекеттик жетекчилердин алмашышын айтып жатам, армия сыяктуу бир тармакта эмес”,-деп айтты.

The New York Times гезитинин жазганына караганда, талдоочулар Зеленский (АКШ президенти Жо) Байдендин администрациясы менен жакын мамилесинен улам Украинанын Вашингтондогу элчиси Оксана Маркарованы Аппарат жетекчиси кылып дайындай алат деп болжошкон.

Залужный Башкы штабдын башчысы болуп 2021-жылдын 27-июлунда дайындалган.



Тектеш кабарлар