Фанатик жөөттөр Газага жөнөтүлгөн жардамды токтотууга аракет кылышууда

Фанатик жөөт отурукташкандары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөргө Израил полициясынын кийлигишпегени көңүлдү бурган.

2097312
Фанатик жөөттөр Газага жөнөтүлгөн жардамды токтотууга аракет кылышууда

Израилде фанат жөөт отурукташкандары гуманитардык апаат күндөн-күнгө тереңдеп бараткан Газа тилкесине гуманитардык жардамдын кирүүсүнө тоскоол болуу аракетин улантууда.

Газа тилкесинин жанындагы Усдуд (Ашдод) портунун чыга беришине ондогон фанат жөөт көчмөндөр тобу чогулду. Израиль полициясынын көзөмөлүндө отурукташкандар бул жерден кетип жаткан жүк ташуучу унааларды токтотушуп, алардын документтерин сурап, эмне алып жүргөнүн жана кайда баратканын текшеришти.

Фанатик жөөт отурукташкандары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөргө Израил полициясынын кийлигишпегени көңүлдү бурган.

Фамилиясын айткысы келбеген Кудстан келген жөөт отурукташкан Шарон, билдирүүсүндө «Газа тилкесинде Хамаска кычкылтек ташыган жүк ташуучу унааларды токтотуу үчүн келгенин» айтып: «Газа бир жер, бир мамлекет, өлкө. Биздин оюбузча, Газанын бардык калкы террористтер»,-деди.

Шарон Газага жөнөтүлгөн азык-түлүк, күйүүчү май жана башка жардамдардын Хамаска кеткенин айтты.

Израиль Газа тилкесинде мыйзамсыз жөөт конуштарын курса, ал жерде жашоо тууралуу ойлору тууралуу суроого Шарон : «Газада конуштар курулса абдан бактылуу болобуз. Бул конуштар эмес, Газа 2000 миң жыл мурун да, 500 жыл мурун да жөөттөрдүн шаары болгон. 18 жыл мурун Газа биздики болчу»,-деп айтты.

Фанатик жөөт отурукташкандары мажбурлап ачкачылыкка дуушар болгон, таза сууга жетпеген жана турак-жай кризисин баштан кечирген палестиналыктарга Газа тилкесине жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдын баруусун токтотуу үчүн нааразылык акцияларын уюштурууда.

Израилде жайгашкан Channel 12 телеканалы жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, израилдиктердин 72 пайызы «израилдик туткундарды кайтарбастан Газа тилкесине гуманитардык жардам жөнөтүүгө» каршы.



Тектеш кабарлар