Филиппинде сел жана жер көчкү жүрдү

Апта соңунан бери таасирдүү болгон нөшөрлөгөн жамгыр, өзгөчө өлкөнүн экинчи чоң аралы болгон Минданаодо көптөгөн аймактарда сел жана жер көчкүгө алып келди.

2096744
Филиппинде сел жана жер көчкү жүрдү

Филиппинде нөшөрлөгөн жамгырдан улам жүргөн сел жана жер көчкүдөн 6 киши каза болду.

Апта соңунан бери таасирдүү болгон нөшөрлөгөн жамгыр, өзгөчө өлкөнүн экинчи чоң аралы болгон Минданаодо көптөгөн аймактарда сел жана жер көчкүгө алып келди.

Жергиликтүү жетекчилердин билдирүүсүндө, аралдын Давао-де-Оро аймагында жүргөн сел жана жер көчкүдөн кеминде 6 кишинин каза болгону, 1 кишинин да дайынсыз жоголгондугу кабарланып, издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканы белгиленди.

Жекшембиден бери 23 жер көчкү жүргөн Марагусан муниципалитетинин апааттан эң көп жабыркаган аймак экени маалымдалды.

Аймактагы айылдарда жашаган 10 миң 100 адамдын үйлөрүнөн көчүрүлгөнү айтылды.

Агусан-дель Сур провинциясындагы Бунаван жана Веруэла муниципалитеттеринде болсо эвакуация борборлоруна 5 миңдей кишинин баш калкалаганы билдирилди.



Тектеш кабарлар