Аргентинада нааразылык акциясы
Баш калаа Буэнос-Айрестеги Конгресстин алдына чогулган калың эл, өкмөт кабыл алууга аракет кылып жаткан “омнибус мыйзамына” каршы чыгышты.
Аргентинада жүздөгөн адамдар ар түрдүү профсоюздардын чакырыгы менен чогулуп, президент Хавьер Милейдин экономикалык саясатына каршылык көрсөтүштү.
Баш калаа Буэнос-Айрестеги Конгресстин алдына чогулган калың эл, өкмөт кабыл алууга аракет кылып жаткан “омнибус мыйзамына” каршы чыгышты.
Демонстранттар турган аймакты курчоого алган полиция, Конгресстин айланасында коопсуздук чараларын күчөттү.
Профсоюздар, өкмөттүн үнөмдөө саясатынын алкагында иш таштоолорду жана жумушчулардын укуктарын жок кылууну каалаганын жактоодо.
Учурдагы социалдык укуктарын соодалашуунун предметине айландырбай тургандыктарын баса белгилеген профсоюздар, нааразылык акцияларын күчөтө аларын билдиришүүдө.
Өкмөт «зарылдык жана шашылыш токтом» деп атаган омнибус мыйзамы боюнча Өкүлдөр палатасында добуш берүү процесси уланууда.
Президент Милей мурунку билдирүүлөрүндө экономикалык жактан «оор» мезгилди баштан кечирип жатышканын айтып, радикалдуу чечимдердин кабыл алынаарын маалымдаган.
Мамлекеттик чыгашаларды кыскарта турганын баса белгилеген Милей, социалдык колдоо чыгымдарын азайтып, зыян тарткан мамлекеттик мекемелерди менчиктештирерин кабарлаган.
Тектеш кабарлар
Индонезияда жер көчкү жана сел: 41 адам каза болду
Жаман аба ырайынын иш-аракеттерге тоскоол болгону маалымдалды.