Европа Биримдигинин лидерлери атайын саммитте жолугушту

Лидерлер 14 - 15 - декабрдагы күнүмдүк саммитте Европа Биримдиги комиссиясынын Венгриянын каршылыгынан улам кабыл алынбаган бюджетти өзгөртүү сунушун талкуулашууда.

2096279
Европа Биримдигинин лидерлери атайын саммитте жолугушту

Европа Биримдигинин лидерлери Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Украинага каржылык жардам берүү максатында Биримдиктин  узак мөөнөттүү бюджетине өзгөртүү киргизүүнү талкуулашты.

Лидерлер 14 - 15 - декабрдагы күнүмдүк саммитте Европа Биримдиги комиссиясынын Венгриянын каршылыгынан улам кабыл алынбаган бюджетти өзгөртүү сунушун талкуулашууда.

Европа Биримдиги  кеңешинин кезектешкен башкаруучусу Бельгиянын премьер  - министри Александр де Кро жыйындын киришинде  жасаган билдирүүсүндө : "Бул саммиттин негизги бир маселеси бар ; Украинанын колдоону кандай улантабыз",- деди.

Де Кро  27 мүчө өлкөнүн баарынын колдоосу менен бир чечимдин чыгышынын маанисин баса белгиледи. Бир тараптан  Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен сүйлөшүүлөрдүн акыркы учурга чейин улангандыгын белгиледи.

Европа Биримдиги Комиссиясы Украинага  4 жыл үзгүлтүксүз жардам берүү үчүн 2024 - 2027 -  жылдын бюджетине 50 миллиард евролук бир фонддун киргизилишин каалап жатат.

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 13 -  декабрда Европа Парламентинде сүйлөгөн сөзүндө : "Украина биздин саясий колдообузга, ошондой эле туруктуу каржылык колдообузга муктаж», - деген.  

Венгрия болсо Европа Биримдиги  бюджетинин мүчө өлкөлөргө колдоо көрсөтүшү керектигин,  Украинада олуттуу коррупциялардын бар экенин жана согушта Батыштын берген колдоосунун жыйынтык бербей жатат деген негиз  менен бул өлкөгө каржылык жардам көрсөтүүгө каршы чугаада.

Европа Биримдиги өткөн жылы максат кылган "Март  2024кө чейин Украинага  1 миллион артиллериялык снаряд берүүнү" "2024 - жылдын акырына чейин 1,3 миллион" деп кайра карап чыкты. 

Өзгөчө Европа Биримдиги машыктырган украиналык аскер санын жылдын акырына чейин  40 миңге чыгарууну максат кылгандыгын жарыялады. 

Лидерлер саммитте  жаңы максаттын алкагындагы пландар боюнча пикир алмашат.

Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл саммитке кириште  лидерлерге аянттагы абал тууралуу маалымат берерин жана мүмкүн болушунча тез арада аскердик колдоону арттырууга чакыра турганын айтты.

Саммитте Израиль  -  Палестина жана Кызыл деңиздеги кырдаалдын алкагында Жакынкы Чыгыштагы окуялар да каралат.

 

 



Тектеш кабарлар