Дыйкандар ЕПнын алдына митингге чыгышты

Дыйкандар Евробиримдиктин лидерлеринин саммити өтүп жаткан аймактын айланасында тракторлору менен жолду тосушту.

2096316
Дыйкандар ЕПнын алдына митингге чыгышты

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде дыйкандар Европа Парламентинин (ЕП) алдына чыгашалардын көбөйүшү, Европа Биримдигинин (ЕБ) экологиялык саясаттары жана айыл чарба продукциясынын арзан импортуна каршы митингге чыгышты.

Европанын түрдүү өлкөлөрүнөн, өзгөчө Бельгия менен Италиядан миңдеген дыйкандар Брюсселдеги ЕП имаратынын алдына чогулушту.

Дыйкандар Евробиримдиктин лидерлеринин саммити өтүп жаткан аймактын айланасында тракторлору менен жолду тосушту.

«Дыйкан жок болсо, тамак-аш жок» деген баннерлерди ачкан митингчилер, айыл чарба саясатына каршы ураандарды кыйкырышты.

Евробиримдиктин эркин соода келишимдериндеги айыл чарба продукциясын импорттоо, татаал рыноктук жөнгө салуулар, субсидияларды бөлүштүрүүдө адилетсиздик, туруктуу айыл чарбага өтүүдө кетирилген катачылыктардан улам кыйынчылыктарды баштан кечиргенин айткан дыйкандар, чыгашалардын жогорулашына байланыштуу айыл чарба продукцияларына жогорку баа төлөнүшүн талап кылышты.



Тектеш кабарлар