Борелл Кызыл деңиздеги аскердик миссия үчүн жаңы күндү билдирди

Европа Биримдигинин  тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл Европа Биримдигинин Иран колдогон хуситтердин Йемендеги кол салууларына каршы күрөшүү миссиясы 19 - февралдан тарта иштей баштаарын билдирди.

2096227

Европа Биримдигинин Жогорку өкүлү Боррелл Европа Биримдигинин коргоо министрлери менен болгон жолугушуудан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында Кызыл деңизде кызмат кыла турган Европа Биримдигинин «Аспидес» аттуу миссиясы тууралуу маалыматтарды бөлүштү.

"Коргоочу" дегенди билдирген Aspides миссиясынын бир гана коммерциялык кемелерди коргоону максат кылганын баса белгилеген Боррелл мунун коргонуу миссиясы болорун айтты.

Миссиянын эч кандай чабуул жасабай турганын баса белгилеген Боррелл миссиянын алкагында деңиз флотунун кемелери жана учактарынын колдонула тургандыгын белгиледи.

Бардык Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн миссияга катышпай тургандыгын айткан Боррелл : "Максатыбыз эң кеч  19 -  февралда  Aspides миссиясын түзүп, баштоо. Бул ишке ашат деп ишенем. Мүчө өлкөлөр бул темада күчтүү чечкиндүүлүк ичинде",- деп баа берди. 

Тектеш кабарлар