Блинкен жуманын акырында Жакынкы Чыгышка барат

Ак үй менен  АКШнын мамлекеттик департаментинин жетекчилери Энтони Блинкендин аймакка жасай турган сапарына байланыштуу маалымат беришти.

2096110
Блинкен жуманын акырында Жакынкы Чыгышка барат

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жуманын акырында дагы бир жолу Жакынкы Чыгышка барып Газа тилкесиндеги абалга байланыштуу жолугушууларды өткөрөт.

Ак үй менен  АКШнын мамлекеттик департаментинин жетекчилери Энтони Блинкендин аймакка жасай турган сапарына байланыштуу маалымат беришти. 

Буга ылайык, Блинкен Газа тилкесине гуманитардык жардамдардын жеткирилиши, кагылышуулар аяктагандан кийин аймактын кандай башкарылаары жана  көз карандысыз Палестина мамлекетинин таанылышы темаларында жолугушууларды өткөрөт.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары  7 -  октябрда Израилге "Акса топону" аттуу кол салуу баштагандыгын жарыялаган. Израиль армиясы да жооп катары Газа тилкесине "Темир кылычтар" операциясын баштаган. 

Күч алган чыңалууда көпчүлүгү балдар жана аялдар болгон  27 миң палестиналык каза болду. 

 



Тектеш кабарлар