Либерияда "улуттук саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаал" жарыяланды
Либерияда банги зат колдонуу жаштардын арасында кенен жайылгандыгы айтылууда.
Либериянын президенти Жозеф Боакаи өлкөсүндө жаштар арасында баңгизатты кеңири колдонууга каршы "улуттук саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаал" жарыялады.
Өткөн аптада кызматка киришкен президент Жозеф Боакаи парламентте элге биринчи кайрылуусун жасады.
Боакаи өлкөдө кеңири жайылган баңгизат колдонуунун тынчсыздантуучу экендигин белгилеп, мунун жаштарды жана кийинки муундарды жок кылгандыгын айтты.
Баңгизатты колдонууга каршы "улуттук саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаа" жарыялаган Боакаи саламаттыкты сактоо министрлиги, баңги заттарга каршы агенттик, жаштар жана спорт министрлиги баңгизатка көз карандылык менен күрөшүү үчүн "көп секторлуу" команданын бир бөлүгү болоорун белгиледи.
Либерияда банги зат колдонуу жаштардын арасында кенен жайылгандыгы айтылууда.
Тектеш кабарлар
Айрым Европа Биримдиги өлкөлөрү Грузияга карата визасыз режимди жоюну каалап жатат
Европа Биримдиги Грузия жарандары үчүн виза мажбурдуулугун 2017 - жылы жойгон.