Евробиримдик менен Молдова коопсуздук келишимине кол коюшту

Бул тууралуу Молдованын премьер-министри Дорин Речеан менен келишимге кол койгон Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель билдирди.

2142809
Евробиримдик менен Молдова коопсуздук келишимине кол коюшту

Европа Биримдиги менен Молдова коопсуздук жаатында өнөктөштүк келишимине кол коюшту.

Документтин Евробиримдик үчүн биринчи документ экени айтылууда.

Бул тууралуу Молдованын премьер-министри Дорин Речеан менен келишимге кол койгон Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель билдирди.

Боррель, «Молдова Евробиримдик менен коргонуу жана коопсуздук өнөктөштүк келишимине кол койгон биринчи өлкө. Бул өнөктөштүк өлкөнүн күч-кубатын арттырып, жалпы коопсуздук коркунучтарына биргелешип каршы турууга, натыйжалуу кадамдарды жасоого жана жаңы багыттар боюнча кызматташууну баштоого мүмкүндүк берет»,-деди.

Евробиримдик ошондой эле Вильнюста (июлда Литванын борбору) кабыл алынган G7 декларациясынын уландысы катары мүчө өлкөлөр менен коопсуздук келишиминин үстүндө иштеп жатат.

Германиянын «Welt am Sonntag» гезити келишимди июнь айынын аягына чейин бүтүрүлүшүнүн пландалып жатканын жазды.



Тектеш кабарлар