Лавров: «Батыш ушул убакка чейин Украинага 200 миллиард доллардан ашык каражат бөлдү»

Лавров баш калаа Москвада чет элдик өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү менен Украинадагы кырдаалга байланыштуу «тегерек стол» форматында жолугушуу өткөрдү.

2095338
Лавров: «Батыш ушул убакка чейин Украинага 200 миллиард доллардан ашык каражат бөлдү»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусия Украинага каршы согушта жеңишке жетсе, Балтика өлкөлөрүнө чабуул жасайт деген сөздөр «сандырактык» деп билдирди.

Лавров баш калаа Москвада чет элдик өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү менен Украинадагы кырдаалга байланыштуу «тегерек стол» форматында жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга Түркиянын Москвадагы элчиси Танжу Билгич да катышты.

Бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Батыш өлкөлөрүнүн Украинага каржылык колдоо көрсөткөнүнө көңүл бурган Лавров: «Батыш ушул убакка чейин 200 миллиард доллардан ашык каражат бөлдү»,- деди.

Лавров Украина Батыш тарабынан берилген куралдарды башка өлкөлөргө жөнөтүп, андан киреше таап жатканын токтолуп: «Куралдар бүт дүйнөгө жайылып жатат. Батыш Украинанын администрациясына берген куралдар Жакынкы Чыгыштагы жаңжал аймактарында гана эмес, Финляндия, Швеция, Дания, Нидерландия жана Газа тилкесинде да аныкталды. Батыш буга көңүл бурбай жатат»,-деп айтты.

Батыш өлкөлөрүнүн «Орусия Украинага каршы согушта жеңишке жетишсе Балтика өлкөлөрүнө кол салат» деген билдирүүлөрүнө сереп салган Лавров, АКШнын президенти Жо Байдендин да ушундай билдирүүлөрдү жасаганына көңүл бурду.

Лавров сөз болуп жаткан сөздөрдүн «сандырактык» экенин баса белгилеп: «Тарыхый жана Украинадагы атайын аскердик операциянын алкагында жарыялаган максаттарды бир аз түшүнгөн адам мындай билдирүүлөрдүн «сандырактык»  экенин түшүнөт»,-деди.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин «Тынчтык формуласы» демилгесине баа берген Лавров бул «туңгуюкка алып баруучу жол » жана бул документтеги беренелер «сандырактык» экенин айтты.



Тектеш кабарлар