Ханийе Газа маселесин сүйлөшүү үчүн Каирге барат

Хамас саясий бюросунун төрагасы Исмаил Ханийенин бул темага байланыштуу маалыматтык билдирүүсүн жарыялады.

2095292
Ханийе Газа маселесин сүйлөшүү үчүн Каирге барат

Хамас кыймылы Париж жолугушуусунун жыйынтыгына байланыштуу сунуштун келип түшкөнүн жана анын каралып жатканын жана жооптун берилиши үчүн сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлгөнүн жарыялады.

Хамас саясий бюросунун төрагасы Исмаил Ханийенин бул темага байланыштуу маалыматтык билдирүүсүн жарыялады.

Хамас башкаруучулугунун Париж жолугушуусунан келип чыккан «план келишими» жана анын ишке ашырылышына карата талаптарды талкуулоо үчүн Египеттин борбор шаары Каирге чакыруу алганын белгилеген Хенийе, бул темада иликтөө жана сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлгөнүн билдирди.

«Париждеги жолугушуудан чыккан сунушка ХАМАСтын жообу, биринчи кезекте, Газага карата ырайымсыз агрессиянын токтотулушуна жана Израилдин аскерлеринин Газа тилкесинен чыгарылышына негизделет»,-деп айткан Ханийе, кол салууларды комплекстүү түрдө токтотуу жана элди башпаанек менен камсыз кылуу, кайра куруу жана палестиналык туткундардын эркиндигин кепилдеген олуттуу туткун алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи жана Хамас бул контекстте «ар кандай сунуштарды же олуттуу идеяларды» талкуулоого ачык экенин белгиледи.

Хания Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам берүү жана иш боюнча агенттигине (UNRWA) каржылык колдоо көрсөтүүнү токтоткон АКШ баш болгон берки өлкөлөргө реакция кылып: «Бул жагдай Газага жардамдын көбөйүшү керектигин айткан Эл аралык Адилеттик Сотунун (ICJ) чечимдерине ачык каршы чыгуу жана бузуу болуп саналат. Бул мамлекеттерде эл аралык соттун чечимдерин аткаруунун ордуна элибизди ачарчылык жана блокадада кармап, басып алууну колдоо боюнча системалуу саясат бар экенине ишарат кылууда»,-деди.

Хания Египет менен Катардын туруктуу ок атышпоо үчүн жасаган аракеттерин жогору баалап, ошондой эле Түштүк Африка Республикасына анын аракети жана тарыхый позициясы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Исмаил Хания да Хамастын Түркия, Орусия жана Кытай баш болгон көптөгөн боордош жана дос өлкөнүн аракеттерин жакындан байкаганын белгиледи.

Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри Мохаммед бин Абдуррахман Аль Тани 28-январда Вашингтондо берген маегинде Франциянын борбору Парижде АКШ, Израил, Египет жана Катардын расмий өкүлдөрү менен Газада ок атышпоо жана туткундарды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр болгонун билдирди.



Тектеш кабарлар