Дмитрий Песков : "Азыркы учур чыңалууну азайта турган кадамдарды таштоонун учуру"

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков АКШнын Иранга таандык объектилерге карата ыктымалдуу жооп кайтаруу кол салуусуна оң карабагандарын белгиледи.

2095183
Дмитрий Песков :  "Азыркы учур чыңалууну азайта турган кадамдарды таштоонун учуру"

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков АКШнын Иранга таандык объектилерге карата ыктымалдуу жооп кайтаруу кол салуусуна оң карабагандарын белгилеп : "Азыркы учур чыңалууну азайта турган кадамдарды таштоонун учуру",- деди. 

Дмитрий Песков Москвада АКШнын Сирия  -  Иордания чек арасындагы Америка базасына карата кол салууга жооп катары Иранга таандык  объектилерге кол салуу ыктымалы тууралуу журналисттерге маалымат берди. 

Аймакта чыңалууну арттыра турган кадамдардан алыс болуу керектигин баса белгилеген Песков : "Аймактагы жогорку кагылышуу потенциалына көңүл бурганда абалдын туруксуздашуусуна, чыңалуунун күч алышына жол ача турган эч бир кыймылды оң кабыл албайбыз",- деди. 

Песков чыңалууну басаңдатуу үчүн кадам таштоо керектигин белгилеп : «Аймактагы чыңалуунун деңгээли абдан тынчсыздандыруучу экендигине ишенебиз. Азыркы учурда чыңалууну басаңдатуу үчүн чараларды көрүү мезгили. Бул, айрыкча Жакынкы Чыгышта кагылышуунун   жайылышын алдына алуубузга  жардам бере турган бир гана нерсе. Бул  биз үчүн өтө маанилүү",-  деди.

Ак үйдүн Сирия - Иордания чек арасындагы Америка базасына кол салууга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, президент Жо Байден кол салууну Сирия жана Иракта иш алып барган Иран колдогон радикал  топтордун жасаганын айткан.

Кол салуунун жооптууларынан АКШ тандаган убакыт жана тартипте жооп алынарын айткан Байден бул согушта күрөшүүнү уланта тургандарын баса белгилеген.

АКШнын Борбордук күчтөр командирлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта да Иорданиянын түндүк чыгышында бир тараптуу учкучсуз учуучу аппарат менен жасалган кол салууда АКШнын  3 аскеринин каза болгондугу, 34 кишинин жаракат алгандыгы белгиленген.

 



Тектеш кабарлар