АСЕАНдын тышкы иштер министрлери чогулду

Түштүк - Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) тышкы иштер министрлери Лаосто чогулуп, Кытайдын Түштүк Кытай деңизиндеги позициясын жана Мьянмадагы акыркы окуяларды талкуулашты.

2094855
АСЕАНдын тышкы иштер министрлери чогулду

Түштүк - Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) тышкы иштер министрлери Лаосто чогулуп, Кытайдын Түштүк Кытай деңизиндеги позициясын жана Мьянмадагы акыркы окуяларды талкуулашты.

АСЕАНдын веб-сайтында жарыяланган билдирүүдө 1 - январда АСЕАНдын мөөнөттүү башкаруучулугун өткөрүп  алган Лаостун «Байланыштуулукту жана туруктуулукту жакшыртуу» темасы менен өткөргөн жыйынга кенен орун берилди.

Жыйындын негизинде  тышкы иштер министрлери “Түштүк Кытай деңизиндеги талаш-тартыштарды, деңиз коопсуздугу жана Кытайдын аракеттерин” талкуулашып, Мьянмадагы акыркы окуяларга да токтолушту.

Индонезиянын тышкы иштер министри Ретно Марсуди АСЕАНдын Мьянма үчүн белгиленген 5 пункттан турган жол картасын негизги шилтеме катары колдонууга берилгендигин кубаттагандарын айтты.

Марсуди ошондой эле АКШ, Британия жана Канада баш болгон кээ бир өлкөлөрдүн Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам  агенттигине (UNRWA) берген каржылык колдоосун токтотуу чечимине өкүнгөндөрүн белгиледи.

Мьянма армиясы 2021-жылдын февраль айында өкмөттү колго алгандан бери биринчи жолу катышкан АСЕАН тышкы иштер министрлеринин жыйынына өлкөнүн атынан рамий түрдө жогорку мартаалуу өкүл катары Дав Малар Тан Хтайк катышты.



Тектеш кабарлар