Иорданиядагы америкалык аскерлерге кол салуу: 3 адам каза болду
Кол салууга жооптуу болгондордун АКШ тандаган убакта жана түрдө жооп берерин белгилеген Байден, «бул согушта күрөшүн уланта беришерин», билдирди.
Иорданияда жайгашкан Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) күчтөрүнө карата учкучсуз учуучу аппарат (УУА) менен кол салуудан 3 америкалык аскердин каза болгону билдирилди.
АКШнын президенти Жо Байден : «Иорданиянын түндүк-чыгышында Сирия чек арасына жакын жерде жайгашкан күчтөрүбүзгө учкучсуз учуучу аппарат менен кол салуудан 3 америкалык аскер каза болду, көп сандаган аскер жаракат алды»,-деп бөлүштү.
Кол салуу тууралуу дагы эле маалымат чогултуп жатышканын белгилеген Байден : «Мунун Сирия жана Иракта иш алып барган Иран колдогон радикал согушчан топтор тарабынан жасалганын билебиз»,-деп айтты.
Кол салууга жооптуу болгондордун АКШ тандаган убакта жана түрдө жооп берерин белгилеген Байден, «бул согушта күрөшүн уланта беришерин», билдирди.
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин: «Иран колдогон куралдуу күчтөр АКШ күчтөрүнө кол салуу үчүн жооптуу жана биз каалаган убакта жана каалаган жерде жооп беребиз»,-деди.
Жазуу түрүндөгү билдирүү жасаган министр, президент Жо Байден менен өзү Америка күчтөрүнө кол салууга чыдабай турганын билдирип: «Биз Америка Кошмо Штаттарын, аскерлерибизди жана кызыкчылыктарыбызды коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөбүз»,-деп айтты.
АКШнын Борбордук командирлигинин (CENTCOM) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Иорданиянын түндүк-чыгышында учкучсуз учуучу аппараттын бир багыттуу кол салуусунан 3 америкалык аскер набыт болгону, 34ү жараланганы белгиленди.
Израиль менен Палестинанын ортосундагы жаңжал 7-октябрда башталгандан бери Ирак менен Сириядагы америкалык аскерлер жайгашкан базаларга 150дөн ашуун чабуул жасалды.