Израиль Хан-Юнустагы 500 миң кишини көчүрүүгө мажбурлады

Бул тууралуу Палестинанын Тышкы иштер министрлигинин X социалдык медиа эсебинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта билдирилди.

2094351
Израиль Хан-Юнустагы 500 миң кишини көчүрүүгө мажбурлады

Израиль армиясынын Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында жаман шарттарда 500 миңден ашуун кишини сүргүнгө айдаганы белгиленди.

Палестинанын Тышкы иштер министрлигинин X социалдык медиа эсебинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израиль армиясынын Хан Юнустагы оорукана жана саламаттыкты сактоо мекемелери менен бирге жашаган жерлеринен 500 миңден ашуун кишини эвакуациялоону талап кылганы белгиленди.

Билдирүүдө үйлөрүн эвакуациялап жолго чыккан аялдар, балдар, кары-картаңдар, оорулуулар жана өзгөчө муктаж адамдардын оор шарттарда көчүп кеткени баса белгиленип, Газада 2 миллион кишинин тынымсызмсыз «коопсуз жер» издөө үчүн көчүп жүргөнү баса белгиленди.

Билдирүүдө палестиналыктардын миграция жолунда аскердик көзөмөл пункттарынан жана танктардан өткөнү жана эң негизги муктаждыктарын да камсыздай албаганы, израилдик аскерлердин көчүп келген үй-бүлөлөрдүн эркектерин кармап, аялдарын жана балдарын үй-жайсыз калтырганы белгиленди.

Билдирүүдө, Рефахка көчүүгө жетишкен үй-бүлөлөрдүн жаман аба ырайы өкүм сүргөн шаарда баш калкалоочу жай же чатыр таба албаганы, тамак-аш, суу жана дары-дармекке жете албагандары белгиленди.



Тектеш кабарлар