Кытайда көп кабаттуу үйдө өрт чыкты

Өткөн аптада да өлкөдө мектеп жатаканасында чыккан өрттөн 13 окуучу каза болгон.

2093387
Кытайда көп кабаттуу үйдө өрт чыкты

Кытайда көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 39 адам каза болуп, 9 адам жаракат алды.

Өлкөнүн түштүк - батышындагы Цзянси - Чуан автономиялык районунда көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты.

Жергиликтүү бийликтен берилген маалыматка караганда, өрт көп кабаттуу үйдүн астындагы дүкөндөн башталып, үстүнкү кабаттарга өткөн.

Имараттын жогорку кабаттарында билим берүү мекемесинин бар экендиги маалымдалды.

Алгачкы маалыматтарга караганда, өрттөн 39 адам каза болуп, 9 адам жабыркаган.

Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча белгисиз, окуя боюнча иликтөө иштери уланууда.

Өткөн аптада өлкөдө мектеп жатаканасында чыккан өрттөн 13 окуучу каза болгон.



Тектеш кабарлар