Украина : "Туткун алмашуу болгон жок"

Украина Россия менен бүгүн үчүн пландалган туткун алмашуунун азырынча ишке ашпагандыгын жарыялады.

2092995
Украина : "Туткун алмашуу болгон жок"

Украина Россия менен бүгүн үчүн пландалган туткун алмашуунун азырынча ишке ашпагандыгын жарыялады. 

Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо боюнча башкы директору Андрей Юсов  жергиликтүү басма сөзгө берген маалыматында бүгүн Украина менен Россиянын ортосунда туткун ашмашуунун  болушу керектигин белгилеп : "Бүгүнкү күнгө  пландалган туткун алмашуунун азырынча ишке ашпагандыгын айта аламын",- деди.

Юсов өзгөчө Россия тарабынан билдирилген украиналык туткундардын Белгород аймагында кырсыкка учураган  Ил  - 76  үлгүсүндөгү учакта болушу мүмкүн экендиги тууралуу маалыматтын текшерилип жаткандыгын билдирди. 

Россиянын Коргоо министрлиги  алмашуу үчүн алып барылган  65 украиналык аскердик туткун менен бирге  3 коштоочу жана 6 экипаж мүчөсү болгон 74 кишини ташыган Ил-76 үлгүсүндөгү учактын Белгород облусунда кулаганын билдирди.

Министрликтин башка бир билдирүүсүндө  65 украиналык туткун да болгон 74 кишини ташыган орус учагынын Украина тарабынан ракета менен атылгандыгы жарыяланган. 

 

 



Тектеш кабарлар